Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Акун Батукаев боюнча материалы үчүн «Апрель» телеканалын сотко берди


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Апрель” телеканалын жана анын журналисти Канат Каниметовду сотко берди.

Ага кримтөбөл Азиз Баткуевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганына байланыштуу ушул жылдын 6-майында эфирге кеткен материалы себеп болгон.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна журналист Канат Каниметов билдирди. Маалыматка караганда, соттун биринчи отуруму 16-июлга белгиленген.

"Соттон келген кабарды өзүм көрө элекмин. “Апрелдин” сайтында турат. Анда менин атым да аталыптыр. Сотко бергенге деле негиз жок болчу. Биз журналисттик стандарттарды сактап, бардык материалдын шилтемесин көрсөткөнбүз".

“Апрель” телеканалы өзүнүн материалында Азиз Батукаевдин тууганы Хава Хамидованын “Московский комсомолецке” 2014-жылы берген маегинин бир бөлүгүн пайдаланган. Анда Батукаевди чыгаруу үчүн каражат берилгени тууралуу сөз болгон.

Акун "ар-намысыма шек келтирди" деген негизде телеканалдан 500 миң, журналисттен 100 миң сом өндүрүүнү соттон өтүнүп жатканы белгилүү болду.

Бирок бул тууралуу өзү маалымат бере элек.

Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл иликтене баштап, ага катыштыгы бар делген дарыгер, чиновниктер кармалган. Турсунбек Акун ал кезде акыйкатчы болуп иштеген. Буга чейин ал ИИМге сурак берип чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG