Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

ФСБнын алты кызматкери банктан акча уурдоого шек саналып жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) алты кызматкери Москвада камакка алынды. Алардын үчөө "Альфа" деп аталган атайын бөлүктө, экөө ФСБнын банк бөлүмүндө, бири атайын тажрыйбаларды аткаруучу "Вимпел" отрядында иштейт.

РБК каналы булактарга таянып билдиргендей, алар азырынча аты атала элек банктан 140 миллион рубль уурдады деп айыпталып жатышат. Бул кылмыш ишине ФСБнын академиясынын өкүлү да катышканы кабарланды.

ФСБ бул кармоолор боюнча расмий маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG