Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:53

Ысык-Көлдө казак жараны автоунаа алып качууга шек саналып кармалды


Кылмышка шек саналган адамдын кармалган учуру.
Кылмышка шек саналган адамдын кармалган учуру.

Казакстандын жараны Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун автоунаасын тартып алган деп шек саналып, кармалды. Бул тууралуу облустагы Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

6-июль күнү таңга жуук Бактуу-Долоноту айылынын 31 жаштагы тургуну Ысык-Көл райондук милициясына телефон чалып, белгисиз адам мас абалында күч колдонуп, «ВАЗ-2104» үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып, айдап кеткенин билдирген.

Факты райондук милициянын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам топ шектүүнү кармады. Ал Казакстандын жараны, атайын багыттагы отрярддын ардагери болуп чыкты. Ал бул ишке кызуу болгондуктан, өзүн башкара албай барганын айткан.

XS
SM
MD
LG