Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

Нарында Салянованы бошотуу талабы менен кол топтоп жатышат


Кол топтоо учуру. 6-июль, 2019-жыл.

Нарын шаарында активисттер мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованы камактан бошотуу талабы менен кол топтоп жатышат.

Уюштуруучулардын бири Аяткан Абдыкапарова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 6-июлда алар эл аралап түшкө чейин 400дөн ашуун адамдын колун чогултушту. Аны мамлекет башчыга жиберишмекчи.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган.

Бишкек шаардык соту 5-июлда бөгөт чарасын карап, аны 26-августка чейин абакта калтырды. (SE/MiK)

Сот Саляновага чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG