Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Ливияда шайлоого таасир этүүгө шек саналган орусиялыктар кармалды


Ливиянын желеги.
Ливиянын желеги.

Ливияда Орусиянын эки жараны кармалды. Алар "президенттик шайлоого таасир көрсөтүүгө аракет кылган" деп шек саналып жатат. Бул тууралуу "Bloomberg" сайты Ливиянын Башкы прокуратурасына таянып кабарлады. Муну аты-жөнү ачык айтылбаган эки аткаминер да тастыктады. Алар май айында кармалган, маалымат эми гана ачыкка чыкты.

Документтеги билдирүүлөргө ылайык, орусиялыктар Ливиянын мурдагы лидери, 2011-жылы өлтүрүлгөн Муаммар Каддафинин уулу Саиф аль-Ислам Каддафи менен жолугушууга аракет жасашкан. "Bloomberg" сайты кенже Каддафи алдыдагы шайлоодо Москванын таянычы менен президенттикке талапкер болушу ыктымалдыгын боолгоп жатат.

Шектүүлөрдүн компьютери жана флеш-карталары алынды. Андагы файлдар алар Африкадагы мамлекеттерде шайлоолорго таасир өткөрүү менен алектенген компанияда иштешерин көрсөткөн. Ысымдары ашкере кылынган жок, өздөрү камакта отурушат.

"Проект" басылмасы быйыл март айында Африканын 20 мамлекетинде 100дөн 200гө чейин орусиялык Евгений Пригожинге байланышы бар саясий технологдор иштеп жүргөнүн кабарлаган. Арасында Ливия да болгон. Алар орусиячыл талапкерге жардам көрсөтүүнү көздөшөт. Прижогин Путиндин жакын кишиси катары сыпатталат.

Бирок Ливияда кармалгандардын Пригожинге байланышы бар-жогу тактала элек. Өлкөдө президенттик шайлоо 2019-жылы өтөрү айтылган.

XS
SM
MD
LG