Калифорнияда 6-июлга караган түнү күчү 7,1 баллга жеткен жер силкинүү катталды. АКШнын Геология кызматы анын 1999-жылдан берки эң күчтүү термелүү экенин билдирди.
Жер силкинүү штаттын ортосунда болду. Жабыркагандар жөнүндө маалымат жок.
4-июлда да Калифорниянын түштүк тарабында күчү дээрлик алты жарым баллга жеткен силкинүү болгон.