Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков эки тарап ортосундагы кызматташтык келишим боюнча сүйлөшүү аяктаганын макулдашышты.
6-июлдагы расмий кабарга ылайык, жаңы келишим Евробиримдик менен 1999-жылы кол коюлган буга чейинки келишимди жаңылап, учурдагы шартка ылайыкташкан. Анда Кыргызстандагы жана аймактагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен экономикалык жана соода тармактагы укуктук база жакшыртылган.
Жаңы келишимде саясат, демократия, укуктун үстөмдүгү, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу камтылган.
Ал эми тышкы саясат жана коопсуздук тармагында аймактагы туруктуулукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алууда биргеликте аракет көрүү келишимде каралган.
Буга чейин Евробиримдиктин өкүлдөрү Кыргызстан менен келишимге 2020-жылдын башында кол коюу пландалып жатканын билдиришкен.
Могерини "Евробиримдик жана Борбор Азия" форумунун алкагында Бишкекке келди. Форум 6-7-июлга белгиленген.