Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:38

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 35,7 млн. евро берет


Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билим берүү тармагын колдоо үчүн Европа Биримдиги менен 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлганын билдирди.

Бул тууралуу 6-июлда Бишкекте Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугушкандан кийин журналисттерге айтты.

Министр Кыргызстан үчүн Евробиримдиктин парламенттик тажрыйбасы абдан маанилүү экенин кошумчалап, 2018-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 1 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

6-июлда эки тарап ортосундагы жаңы кызматташтык келишими боюнча сүйлөшүү аяктады. Анда Евробиримдик менен 1999-жылы кол коюлган буга чейинки келишим жаңыланып, учурдагы шартка ылайыкташкан.

Жаңы келишимде саясат, демократия, укуктун үстөмдүгү, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу камтылган.

Ал эми тышкы саясат жана коопсуздук тармагында аймактагы туруктуулукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алууда биргеликте аракет көрүү келишимде каралган.

Эки тараптын юристтери жана лингвисттери келишимдин текстин изилдеп чыгат. Андан соң ички процедуралардан өтүп, кол коюлат. Чыңгыз Айдарбеков Могерининин Бишкекке сапарын "тарыхый" деп атап, Евробиримдик менен Кыргызстан бизнес форумун өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

"Евробиримдик жана Борбор Азия" форумунун алкагында Бишкекке келген Могерини чөлкөм менен кызматташуу өтө маанилүү экенине токтолду. Форум 6-7-июлга белгиленген. (BkA\SE)

ЕБ Борбор Азияга көз кырын салып турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG