Казакстанда буга чейин 9-10-июнда да митингдер өткөн. Анда Нур-Султанда жана Алматыда ар кандай эсеп боюнча миңге чукул киши кармалган. Анын 670и алты күндөн 16 күнгө чейин камалса, 115ине айыппул салынган.
Бийлик алардын кармалышын «зарыл болгон чара» деп сыпаттаса, БУУ жана «Human Rights Watch» баштаган эл аралык уюмдар адам укуктарын бузуу катары баалашкан.
9-июндагы президенттик шайлоодо бийликтин талапкери Касым-Жомарт Токаев 70 пайыздан ашуун добуш менен жеңип чыкканы расмий кабарланып, кызматка киришкен.
Казакстанда митингге чыккандар кармалды
1/18Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дон баштап полиция Алматыдагы Абай жана Ахмет Байтурсунов көчөсүнүн маңдайында жүргөн адамдарды күчкө салып кармай баштады.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
2/18Полиция адамдарды эмнеге кармап жатканын түшүндүргөн жок.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
3/18"Азаттыктын" кабарчыларынын баамында кеминде жүздөгөн адамдар кармалган.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
4/18Кармалгандардын көбү көчөдөн жөн эле өтүп баратканын, эч кандай митингге катышпаганын айтып жатты.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
5/18Кармалгандарды полиция бөлүмүнө алып кетишти.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
6/18Абай мен Ахмет Байтурсунов көчөсүнүн маңдайында акимчиликте иштегендер менен прокуратура өкүлдөрү да жүрдү.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
7/18Абай көчөсүнүн боюнда Казакстандын туусун кармап турган адам.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
8/18Эл аралык уюмдар казак бийлигин "Адам укугун жана элдин тынч митингге чыгуу укугун бузат" деп сындап келет. Казакстан бул айыптоолорго жооп бере элек.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
9/184-июлда Казакстандын Башкы прокуратурасы "6-июлда мыйзамсыз митингге чыккандар жазаланарын" маалымдаган.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
10/18"Азаттыктын" кабарчыларынын маалыматында Абай жана Ахмет Байтурсунов көчөлөрүнүн боюнча соода жайлары жана дүкөндөр жабылган.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
11/18Нур-Султанда да жүздөгөн адамдар кармалды. Беткап кийген, кол чатырчан адамдар кабарчылардын ишине тоскоолдук жаратып жатты. Алардын ишине полиция тоскоолдук кылган жок.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
12/18Бул күнү Чымкент калаасында да ондогон адамдар кармалды. Белгисиз адам "Азаттыктын" кабарчысынын ишине тоскоолдук кылды.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
13/18Чымкентте адамдарды кармоого форма кийбегендер да кол кабыш кылды.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
14/18Чымкент.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
15/18Чымкент.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
16/18Чымкент.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
17/186-июлда эртең менен "Нур Отан" партиясы Алматыда митинг өткөрдү. Алар "эл бузарларды" сындап, "Аблязов бузуку", "Согушка каршыбыз", "Экстремистти колдобо" деген плакаттарды кармап турушту.
6-июлда Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.
18/18Аблязовдун жактоочуларына каршы адам. Алматы.