5-июлдан тарта «Шаржа-Бишкек-Шаржа» багытында учак каттай баштады. Бул каттамды Бириккен Араб Эмираттарынын «Air Arabia» компаниясы жүргүзүүдө.
«Манас» эл аралык аэропорту кабарлагандай, каттам аптанын дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү болот.
Шаржа (Аш-Шарика) - Бириккен Араб Эмираттарындагы калаа.
Эмираттардагы Дубай шаарына да Бишкектен күн сайын учак каттайт. Аны «Fly Dubai» компаниясы аткарат. (SE)