Орусияда акча кымыруу үчүн шектүү катары кармалган Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрүнүн бири ошол мекемедеги генералдын небереси экени кабарланууда. Ал генерал ФСБнын академиясында сабак да берерин орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
5-июлда ФСБнын алты кызматкери Москвада камакка алынган. РБК каналы булактарга таянып билдиргендей, алар азырынча аты атала элек банктан 140 миллион рубль уурдады деп айыпталып жатышат.
Колго түшкөндөрдүн үчөө «Альфа» деп аталган атайын бөлүктө, экөө ФСБнын банк бөлүмүндө, бири атайын тажрыйбаларды аткаруучу «Вымпел» отрядында иштейт.
ФСБнын коомчулук менен байланышуу бөлүмү бул адамдар кармалганын тастыктады.