Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:00

Евробиримдикке жөнөкөйлөтүлгөн виза режимин киргизүү сүйлөшүлүп жатат


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

Кыргызстан Европа Биримдиги менен жөнөкөйлөтүлгөн виза режими жөнүндө сүйөшүп жатат. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 6-июлда журналисттерге билдиргендей, бул татаал маселе болгонуна карабай, Европа тарап муну шарттуу милдеттенме катары андан ары карап чыгууга жана сүйлөшүүгө макул болду.

Бирок жөнөкөйлөтүлгөн виза режиминин шарттары азырынча маалымдала элек.

Азыр кыргызстандыктар Европага Шенген, эмгек визасы жана билим алуу үчүн улуттук виза менен барышат. Виза үч күндөн бир жарым айлык аралыкка чейинки мөөнөттө берилет. Колдонуу убактысы үч айдан бир жылга чейин же шартка жараша узартылат.

Учурда Кыргызстан менен 45 мамлекеттин ортосунда визасыз режим бар. Жарандар 39 өлкөдөн визаны барганда ала алат, ал эми 132 мамлекетке барыш үчүн алдын-ала виза талап кылынат.

XS
SM
MD
LG