Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Казанда кытайлык мусулмандарды колдогон пикет өттү


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын баш калаасы Казан шаарында кытайлык мусулмандарды колдогон пикет өттү.

5-июлда Татарлардын жалпы коомдук борбору уюштурган акцияга ондон ашуун адам чыгып, Кытайдын уйгур, казак, кыргыз улутундагы жарандарына каршы Бээжиндин саясатын сындаган жазууларды көтөрүп турушту.

Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунун калкы 2010-жылы 22 миллионго жакын деп эсептелген. Алардын теңине жакыны уйгурлар. Чөлкөмдү жүз миңдеген казактар, кыргыздар жана башка мусулмандар да байырлашат.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, 2017-жылдын апрелинен тартып Шинжаңда 800 миңден 2 миллионго чейин мусулман кайра тарбиялоо лагеринде мажбурлап кармала баштаган.

Кытай өкмөтү ал жайларды «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап, муну менен шинжаңдыктар коомго аралашууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG