Орусиянын Иркутск облусундагы суу каптоодон кийин жоголгондордун арасынан 30 киши аман табылды. Дагы 11 адамдын дайыны чыкпай жатат. 22 киши мерт болгонун «Интерфакс» агенттиги жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып жазды.
Ташкын жүзгө жакын калктуу конушту каптады. Үч жарым миң турак-жай жараксыз болуп калды. 33 миң адам үйүнөн ажырады. Жүздөгөн адамдар ооруканага түштү. Баштапкы маалыматтарга караганда, зыяндын көлөмү 29 миллиард рублге бааланууда.
25-июнда башталган нөшөрдөн улам Иркутск облусунда беш чоң дарыядан суу ташкындаган.