Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Иран уранды келишимдегиден көп байытып жатканын билдирди


Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Иран уран байытуунун көлөмүн 2015-жылдагы келишимде көрсөтүлгөн талаптардан ашыра баштаганын жарыялады. Өкмөттүн басма сөз катчысы Али Рабией 7-июлдан тартып Тегеран уранды байытуунун көлөмүн 3,67 пайыздан ашырганын билдирди. Бирок кайсы даражага чейин көтөрүлөрү ачык айтылган жок.

Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) Иран келишимде көрсөтүлгөндөн көбүрөөк байытылган уран чогултканын тастыктады.

Май айында тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчы 2015-жылы келишимге кол койгон мамлекеттер - Британия, Кытай, Франция, Германия жана Орусия Иранды АКШ санкцияларынан коргоонун жолун таппаса, уранды байытууну жогору чекке жеткирерин эскерткен эле.

Аракчы Иран келишимди сактап калууга умтуларын, бирок ага кол койгон башка мамлекеттер чара көрбөгөнүн белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп мындай эскертүүлөр Ирандын «өзүнүн башын жей турганын» айткан.

Куралдар үчүн колдонулчу уран 90 пайызга чейин байытылат.

XS
SM
MD
LG