Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:44

Могерини: сот эркиндиги жана сөз эркиндиги - кызматташтыктын негизги өзөгү


Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

Сот эркиндиги жана сөз эркиндиги - Европа Биримдиги менен Борбор Азиядагы мамлекеттердин кызматташтыгынын маанилүү өзөгү. Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Бишкекте 7-июлда ушундай пикирин айтты.

"Азаттыктын" кабарчысынын Тажикстандагы, Казакстандагы айрым журналисттерге бийликтин катаал мамилеси, Борбор Азиядагы сөз эркиндигине байланыштуу суроосуна анын жообу төмөнкүчө болду:

- Ар бир өлкөдө жагдай ар башка. Мен эч кандай баа бере албайм. Ал биздин ишмердикке кирбейт. Биздин ролубуз жакшы өзгөрүүлөргө өбөлгө түзүү жана аларды ишке ашырууга колдоо көрсөтүү. Ал эми жеке адамдардын укуктарынын системалуу түрдө бузулушуна келгенде биз бул багытта ишти өзгөртүү зарылдыгын көрүп турабыз. Ошол эле маалда андай өзгөрүүлөрдү жасаш үчүн өз колдообузду сунуш кылабыз. Сот эркиндиги жана сөз эркиндиги биздин кызматташтыктын эн маанилүү жана негизги өзөгү бойдон кала берет. Бул эки күндө министрлер менен ушул маселелердин үстүндө иштиктүү кызматтууну талкууладык.

Могерини Кыргызстандын баш калаасында 6-7-июлда өткөн «Европа Биримдиги - Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна келген.

XS
SM
MD
LG