Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Жүк ташуучу поездде Германияга бараткан мигранттар Австрияда кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Австрия полициясы муздаткыч жүктөлгөн поездде Германияга бараткан 11 мигрант кармалганын билдирди. Расмий кабарларга ылайык, алар 6-июлда өлкөнүн түштүк тарабындагы станциялардын биринде колго түшкөн.

Поезд Австрияга Словениядан келген. Жабык вагондо дээрлик 40 саат отурган мигранттар вагондун дубалын уруп жатканда башкалар байкап калышкан.

Мигранттардын айтымында, 4-июлда аларды ортомчулук менен алектенген адам поездге чыгарып, Германияга жеткирүүгө убада берген. Ар бири ага 1000 евродон төлөгөн.

Эл аралык кызыл чырым уюму мигранттардын абалы дурус экенин, алар транзиттик лагерге жөнөтүлгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG