Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Орусиядан келаткан үч кыргызстандык жол кырсыгында каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Кыргызстанга жеңил машинеде жолго чыккан кыргызстандыктар аварияга кабылып, үчөө мүрт кетти. Бир киши Оренбургдагы ооруканага жаткырылды. Кырсык 7-июлга караган түнү Оренбург облусунун аймагындагы Тоцкое кыштагында болду.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги алардын баары Кыргызстандын жарандары экени аныкталганын билдирди. Полиция кылмыш ишин козгоду.

Оренбургдагы ардактуу консул жергиликтүү органдар менен иштешип жатат. Маркумдардын сөөгү шейшембиде мекенине жиберилет.

Алар «ВАЗ 2107» автоунаасында жолго чыкканы айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG