Бишкек–Торугарт автожолунун 55-чакырымында 7-июлда кечке жуук жол кырсыгы катталды.
Чүй облустук милициясы билдиргендей, мал жүктөп бара жаткан жеңил автоунаанын чиркегичи чыгып кетип, каршы тилкеде келе жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу «Мерседес-Бенц Спринтер» машинеси менен кагылышкан.
Ысык-Көлгө жүргүнчү ташып бара жаткан кичи автобуста жалпы 18 киши бар болгону, кырсыктан эч ким жабыркабаганы айтылды.
Төрт адам ооруканага саламаттыгын текшерүү максатында жиберилген.