Экзит-поллдордун сурамжылоолоруна ылайык, Грекиядагы парламенттик шайлоодо оппозициядагы оңчул-борборчул «Жаңы демократия» партиясы алдыда баратат.
Кириакос Мицотакис башында турган партия премьер-министр Алексис Ципрастын «Сириза» партиясынан көбүрөөк добуш алары күтүлүп жатат. Расмий жыйынтыктар дүйшөмбүнүн таңында белгилүү болот.
Байкоочулар 40 градуска жеткен аптаптан улам шайлоочулар 7-июлда өткөн добуш берүүгө толук катыша албай калганын белгилешти.
Грекияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин премьер Ципрас 26-майда, анын партиясы Европарламентке болгон добуш берүүдө утулуп калгандан кийин жарыялаган.