Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Аялдар арасындагы футбол чемпионатында АКШ жеңди


Келли О'Хара АКШ туусу менен жеңишине жетине албай турат. 7-июль, 2019-жыл. Лион.
Келли О'Хара АКШ туусу менен жеңишине жетине албай турат. 7-июль, 2019-жыл. Лион.

Франциянын Лион шаарында өткөн аялдар арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Кошмо Штаттардын командасы Нидерланддын спортчуларын 2-0 эсебинде жеңди.

Биринчи голду оюндун 61-мүнөтүндө Меган Рапино тепсе, экинчи топту атаандашынын дарбазасына Роуз Лавелль киргизди.

Ушуну менен Кошмо Штаттардын командасы төртүнчү ирет дүйнөлүк мелдеште чемпион болду. 2015-жылы Канадада өткөн мундиалда да америкалык кыз-келиндер биринчи орунду ээлешкен.

XS
SM
MD
LG