Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:54

Украина АКШга аскердик техника сурап кайрылды


Украиналык жоокер «Javelin» ракеталык системасы менен. Август, 2018-жыл.
Украиналык жоокер «Javelin» ракеталык системасы менен. Август, 2018-жыл.

Украина АКШга аскердик техника сурап, расмий кайрылды. Кошмо Штаттар бул өтүнүчтү кароого киришти.

Бул тууралуу АКШнын Украинадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Уильям Тейлор 7-июлда «Твиттердеги» баракчасына жазды. Анын билдирүүсүн АКШнын Украинадагы элчилиги таратты.

«Украина АКШнын Коргоо министрлигинин атайын сатуу программасы аркылуу аскердик техника алуу өтүнүчү менен биринчи жолу кайрылды. Биз бул маселени караганы жатабыз», - деп билдирген Тейлор.

Ал АКШ Украинанын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коргонуу тармагы реформаланышын колдой турганын кошумчалады. Бирок Украина кандай аскердик жабдык сураганы айтылган жок.

Вашингтон Орусия Крымды басып алып, Донбасста жикчилдердин чатагы чыккан 2014-жылдан бери Киевге 1,5 миллиард долларлык аскердик колдоо, анын ичинде «Javelin» танктарга каршы ракеталарын берген.

Орусия жикчилдерге 450дөн ашуун танк, 700 даана оор техника бергенин өткөн айда АКШнын Украинадагы элчиси Жон Хербст Сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин жыйынында билдирген.

XS
SM
MD
LG