Токтогул районунун Саргата айылында 3-июлдагы селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн да уланып жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, катуу жааган жаандан кийин сел жүрүп, Үч-Терек - Саргата ички чарбалык автоунаа жолунун 400 метр аралыгын, Саргата - Такталык ички унаа жолунун да 400 метрин сел каптаган.
Учурда автоунаалар кыйынчылык менен өтүүдө.
Ал эми Базар-Коргон районунда Орок-Суу сайынан сел жүрүп, Кызыл-Үңкүр айылынан Кең-Көл жайлоосуна баруучу ички чарбалык жолдун 18-чакырымын болжол менен 450 куб метрин кум-шагыл каптаган.
Тартылган техниканын жардамы менен жол толугу менен тазаланып ачылды. (RK)