Тажикстандын Согди облусунда соттолгондорду колонияга которуу учурунда 14 киши ууланып каза тапты. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы өлкөнүн расмий органдарына шилтеме берип жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Хожент жана Истаравшандын абактарындагы 120 эркекти жана 8 аялды үч машине менен Дүйшөмбү, Нурек шаарларындагы колонияга которуу үчүн алып кетип жатышкан. Эрежеге ылайык, автоунаалар кербени жолдо алты жолу токтогон.
Башкалаа Дүйшөмбүгө жакын жердеги Варзоб районунда кечке маал камакта отургандардын бири 16 адамга үч бөлкө нан бергени, аны жегендер жарым сааттан кийин өздөрүн жаман сезгени, дагы 30 мүнөттөн кийин машине кайра сапарын улаганда алардын баары эс-учун жоготуп койгону айтылууда. Дарыгерлер 16 адамдын ичинен экөөнүн гана өмүрүн сактап калганга жетишкен.
Окуя боюнча Тажикстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, атайын тергөө тобун түзгөн. Соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.
Ууланып өлгөндөрдүн тизмеси «Ховар» улуттук агенттигинин сайтында жарыяланды.