Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:46

Кореядан ташылып келаткан 2 миллион сомдук товар кармалды


Чек арада кармалган атыр. 7-июль, 2019-жыл.

Кыргыз-казак чек арасынан Корея Республикасынан мыйзамсыз ташылып келе жаткан парфюмерия товарлары кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 7-июлда «Чалдыбар» өткөрмө бекетинен казак жараны айдаган машиненин ичин текшеришкенде акциздик маркасы жана кыргызча же орусча аннотациясы жок 126 даана атыр табылган.

Жалпы баасы 2 миллион сомдон ашуун акча экени эсептелди. Товардын тиешелүү уруксат документтери да жок болуп чыкты.

Кыргызстандын базарында аткезчилик жолу менен ташылып келген товар көп экенин көз каранды эмес байкоочулар айтып келишет. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG