Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Бишкек ЖЭБи боюнча сотто күбөлөр суралууда


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Бүгүн 8-июлда күбөлөр суралды. «Электр станциялары» ишканасынын директорунун каржылык-экономикалык маселелерге жооптуу орун басары Аскар Кайбалиев ар бир документ кол коюлар алдында тиешелүү текшерүүдөн өтөрүн билдирди.

Бул иш боюнча учурда УКМКнын тергөө абагында мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, «Электр станцияларынын» мурдагы башчысы Салайдин Авазов, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев жана дагы башка бир катар адамдар отурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып жатышат.

Ишин кароо Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG