Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Грекия: парламенттик шайлоодо оппозициялык партия жеңди


«Жаңы демократия» партиясынын лидери Кириакос Мицотакис.
«Жаңы демократия» партиясынын лидери Кириакос Мицотакис.

Грекияда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо оппозициядагы оңчул-борборчул «Жаңы демократия» партиясы эң көп добуш алды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги добуштардын 90 пайызы саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка ылайык, «Жаңы демократияны» шайлоочулардын дээрлик 40 пайызы колдогонун маалымдады.

Премьер-министр Алексис Ципрастын «Сириз» партиясына болсо 31,6 добуш тийди.

Ортодо айырма өтө чоң болбогону менен, «Жаңы демократия» парламентте эми көпчүлүктү түзөт, анткени ага кошумча 50 орун тийди.

Грек өкмөт башчысы оппозициялык партиянын лидери Кириакос Мицотакисти жеңиши менен куттуктады. Ал жакын арада «Жаңы демократиянын» төрагасына ыйгарым укуктарын өткөрүп бермекчи.

Грекияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин премьер-министр Ципрас 26-майда, анын партиясы Европарламентке болгон добуш берүүдө утулуп калгандан кийин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG