Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:25

Дональд Трамп британ элчисинин сынына жооп кайтарды


Британиянын АКШдагы элчиси Ким Даррок.
Британиянын АКШдагы элчиси Ким Даррок.

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондогу британ элчиси Ким Дарроктун коомчулукка жарыяланып кеткен дипломатиялык каттары тууралуу CNN телеканалына комментарий берди.

Элчи Лондонго жөнөткөн телеграммаларында Трампты «жөндөмү жок», «компетенттүү эмес» жетекчи катары мүнөздөгөн. Ал Ак үйдүн ичиндеги жаңжалдарды «бычакташуу» катары сыпаттаган жана «Трамптын саясаты атак-даңксыз аякташы ыктымал» деп божомолдогон.

Трамп элчинин Лондонго жиберген каттарын окубаганын билдирди. Ал эл аралык саясатта «пикир келишпестик кадыресе эле көрүнүш» экенин айтып, бирок элчинин каттары «өз өлкөсүнө деле абийир алып келбейт» деп эскертти.

- Биз деле аны жакшы көрбөйбүз жана мен ал тууралуу силерге көп кызыктарды айтып берсем деле болмок, бирок андан пайда деле жок, - деди Трамп.

Британиянын азыркы премьер-министри Тереза Мэй менен Дональд Трамп ишке байланыштуу сый мамиледе экени белгилүү. Бирок АКШ президенти жакында британ өкмөт башчысынын ордун басат деген Борис Жонсонго көбүрөк ыктап жатканы маалым.

Жонсон Британия Европа Биримдигинин курамынан толук чыккандан кийин АКШ менен көлөмдүү эки тараптуу келишим түзүүгө убада берген. Элчи Даррок болсо Брекзиттин колдогондордун чөйрөсүнө кирбегени белгилүү.

XS
SM
MD
LG