Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Грузия: Путинди «сөккөн» журналисттен улам телеканалдын иши үзгүлтүккө учурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Грузияда оппозициячыл «Рустави-2» телеканалынын эфири 7-июлда бир канча саатка үзгүлтүккө учурап, кайра жанданды. Буга аталган телеканалдын журналисти Георгий Габуниянын 7-июлдагы соңку автордук берүүсү себеп болду. Анда Габуния эфирден орус тилинде Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылган жана анда «оозго алгыс жаман сөздөрдү» колдонгон.

Мындан кийин 8-июлга караган түнү өздөрүн Тбилиси шаарынын тургундары деп атаган ондогон адам «Рустави-2нин» имаратынын алдында топтолгон. Алар Георгий Габунияны «эки өлкөнүн ортосундагы кастыкты козгоду» деп айыпташкан жана журналист менен кошо телеканалдын директорунун кызматтан кетишин талап кылышкан. Мындан улам телеканал ишин токтото турууга аргасыз болгон.

Грузиянын президенти Саломе Зурашвили менен өкмөт башчы Мамука Бахтадзе да журналисттин билдирүүсүн айыптады.

«Рустави-2» телеканалынын башкы директору эфирде сөгүнүүгө жол берилбей турганын айтты. Бирок ал өлкө башчыларынын билдирүүсүн «телеканалдын ишине кийлигишүү, цензура» катары сыпаттады.

Тбилисиде эки жумадан ашык убактан бери Орусияга каршы нааразылык акциялары өтүп жатат. Мөөнөтсүз митингдер Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун айынан башталган. Ал 20-июнда Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Оппозиция Гавриловдун парламентте төрдө спикердин ордуна отуруп алып жыйын өткөргөнүнө кыжырданган жана алар муну Грузияны сыйлабастык катары баалашкан.

XS
SM
MD
LG