Кинорежиссер Болот Шамшиевдин машинесин уурдоого шектүү катары соттолуп жаткан Юрий Ликов Бишкектеги №1 тергөө абагынан быйыл май айында чыккан. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна Жаза аткаруу мамлектетик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди:
- Ал бизде тергөө абагында бир аз кармалган. Быйыл 2-майда №47 абакка которулган. Ал жерден дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин оорусуна байланыштуу Кардиология жана терапия борборуна дарылануу үчүн которулган экен. Ал жактан соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.
2018-жылдын ноябрь айында «Мерседес» машинесин бирөөлөр уурдап кетип, өрттөп жиберишкенин Болот Шамшиев өзү айтып чыккан. Кийин ал машине Чүйдүн Молдовановка айылынан табылган.
Милиция кылмышка шектүү деп үч адам кармалганын, сурак учурунда алар автоунааны жөн гана карактоо максатында уурдап, кийин кылмышын жашырыш үчүн өрттөп жиберишкенин моюнга алышканын билдирген.
«Вечерний Бишкек» басылмасы шектүүлөрдүн бири Юрий Ликов 3-июлда №1 тергөө абагында каза болгонун жазды. Басылманын маалыматына караганда, жүрөгү оорулуу, 2-топтогу майып бул адам коюлган айыпты акырына чейин мойнуна алган эмес жана дене табы 39 болуп жатса да абакта кармалып жаткан. (RK)