Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу иште аты аталган Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени белгисиз. Ишти тергеп-иликтеп жаткан Ички иштер министрлиги анын дайын-дареги тууралуу маалымат бере элек. Ошондой эле мекеме Табалдиевдин өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу кабарды ырастай элек.
Мамлекеттик чек ара кызматы да кайсы бир жарандын өлкөдөн чыгып кеткени боюнча маалымат берилбей турганын билдирди.
«Азаттыктын» Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.
Буга чейин укук коргоо органдары Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевди таппай жатышканын, ал Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазып чыккан.
Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылып-чакырылбаганы айтылган эмес.
Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган. (KE)