Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Ал күбө катары чакырылганын ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова «Азаттыкка» билдирди.
Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришти. Анда мурдагы президент 9-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган.
Бирок Атамбаев суракка барбай турганын журналисттерге айтып, буга азыркы бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер орун алып жатканын жүйө келтирди. Бардык суроолор боюнча өзүнүн юридикалык өкүлү Сергей Слесаревге кайрылууну сунуш кылды.
ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан.
Ага чейин, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген.
Мурдагы президент жана анын тарапкерлери муну ага «көө жабуу» аракети катары сыпатташкан. Анын ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулуп турушат. (NT)