Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:38

Шаардык сот Дамир Мусакеевдин ишин кароону 16-июлда улантат


Дамир Мусакеев.
Дамир Мусакеев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин иши боюнча сот отуруму 16-июлга жылды. Бишкек шаардык соту дүйшөмбү күнкү жараянда ушундай чечим чыгарганын Мусакеевдин адвокаты Темирлан Кожоакматов «Азаттыкка» билдирди. 8-июлда шаардык сот актоочу тараптын Мусакеев боюнча Свердлов райондук соту чыгарган өкүмгө каршы доо арызын карады.

Бишкектин Свердлов райондук соту быйыл 24-майда Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда Дамир Мусакеев 2016-2017-жылдары аталган башкармалыкты жетектеп турган кезде Турак жай кодексин одоно бузган, алдыңкы кезекте турган кызматкерлерге үй тийбей калган, 15 кызматтык батир туура эмес бөлүштүрүлүп, анын ичинен үч кызматкер эки жолу үйлүү болгон, ал эми муктаж 18 киши турак жайсыз калган. Мусакеев өзүнө коюлган айыпты четке каккан.

XS
SM
MD
LG