Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

«Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү романынын бет ачары болот


«Манас» эпосу.
«Манас» эпосу.

Бишкекте бүгүн, 9-июлда «Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү эки томдуу романынын бет ачары болот. Китеп залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантынын негизинде жазылган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, аны депутат Азизбек Турсунбаевдин кеңешчиси Төлөнбай Жолдошов жазып чыккан. Биринчи томдо Манастын төрөлүшүнөн тартып, эр жетип, Ала-Тоону баскынчылардан бошоткону, кыргыз элин кайрадан туулуп-өскөн жерине алып келгени баяндалат.

Экинчи томдо Алооке кандын Манаска багынганынан баштап, баатырдын Каныкейге үйлөнгөнү камтылган.

Маалыматка караганда, буга чейин Кыргыз билим берүү академиясы романды орто мектептердин окуучулары, мугалимдерине «Манас» эпосун окууда кошумча материал катары колдонсо болот деген тыянакка келген. Автор романдын биринчи китебинин негизинде сценарий жазып, кинотасма тартууга даярдыктар көрүлүп жатканы да кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG