Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Төрт киши каза болгон жол кырсыгында Абжалиевдин уулунун аты аталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маркумдардын жакындары Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков кырсыктаган «BMW X7» машинесин башкарып баратканын, бирок учурда кылмышты жашыруу, милиция кызматкерлери тарабынан автоунаадагы видеолорду өчүрүп, окуяны бурмалоо аракети көрүлүп жатканын айтып «Азаттыкка» кайрылышты.

Алар кырсыкка өлгөн балдарды күнөөлүү кылып коюу далалаты болуп жатканын билдиришүүдө.

Ысык-Көл облустук милициясынан алынган маалымат боюнча, кырсык 7-июлда таңга жуук саат 4.30дар чамасы Бактуу-Долоноту айылында катталган. «Lexus» жана «BMW Х7» машинелери кагылышып, андан «Lexsus» автоунаасындагы үч киши ошол жерде, ал эми төртүнчү адам ооркунада каза тапкан.

Милициянын маалыматында «BMW Х7» Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагылышканы айтылат. Милиция машинелердин бирин Темирлан Токобеков башкарып баратканы тууралуу маалымат берген жок. Чүй облусунун тургуну рулда болгонун, кырсыкка ким күнөөлүү экени экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болорун билдирди.

25 жаштагы Темирлан Токобеков - депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу жана «Республика - Ата Журт» фракциясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат. Алардан кырсык жана айтылган дооматтар тууралуу комментарий алууга азырынча мүмкүн боло элек. Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым.

XS
SM
MD
LG