9-июлга караган түнү Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 01:51де жердин титиреши Оштун Өзгөн районундагы жана Жалал-Абаддын Сузак районундагы айрым айылдарда, Көк-Жаңгак шаарында сезилген.
Жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок.