Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Жээнбеков Батукаевди бошоткон судьяны иштен алды


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов кызматынан убактылуу четтетилди.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бул тууралуу жарлыгында «Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын сунушуна жана башкы прокурорго жазык жообуна тартуу жөнүндө макулдук берилгенине байланыштуу Нарын облусунун район аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жапар Эрматов жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилгени» айтылат.

Эрматов 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 22-августка чейин камакка алынган.

Быйыл майда Башкы прокуратура Эрматов жөнүндө материалдар 335-берене («Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка сот актысын чыгаруу), 319-берене («Коррупция») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.

Эрматов Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп жатканда, 2013-жылдын 9-апрелинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Батукаевдин оор дарты тууралуу материалдарын кылдат иликтебей туруп аны канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн деп айыпталууда.

Эрматов Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткенден үч жылдан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Нарын район аралык сотунун судьясы болуп дайындалган.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында жанданып, ондон ашык киши кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG