Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Финпол «Азаттыктын» иликтөөсү тууралуу: 646 миллион доллар өлкөдөн чыгарылганы чын


«Азаттык» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө жарыялаган.
«Азаттык» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө жарыялаган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 2010-2018-жылдары Saimaiti Aierken, «Абдыраз» аттуу жоопкерчилиги чектелген коому жана «Wufuli Bumailiyamu» жеке ишканасы банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 долларды чет өлкөлөргө жөнөткөнү айтылат.

Акча кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу контракттардын негизинде которулган.

Быйыл май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу сөз болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG