Ысык-Көлдө балык чарбанын көлмөсүндө ойноп жаткан төрт жашар кыз каза болду. Сууга чөккөн наристени убагында куткарууга жетишпей калышкан.
Кыздын сөөгүн суудан атасы алып чыкканда окуя болгон жерге барган «Тез жардам» кызматы ал сууга тумчугуп чарчаганын аныктаган.
Кырсык 6-июль күнү Түп районунун Михайловка айылында болгон.
Мындан эки жума мурун Караколдо сууга үч жашар наристе түшүп кетип, чарчап калган. (KS)