Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

Иран генералы: Ирандын танкерин камакка алуу жоопсуз калбайт


Евробиримдиктин санкцияларын бузуп Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен кармалган «Грейс-1» танкери.
Евробиримдиктин санкцияларын бузуп Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен кармалган «Грейс-1» танкери.

Гибралтарда Британия тарабынан Ирандын мунай танкерин кармаган окуяга жоопсуз калбайт. Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы, генерал-майор Мухаммад Багери билдирди. Анын сөзүн жарым-жартылай расмий деп эсептелген «Тасним» агенттиги жазды.

- Ирандын мунай танкерин жасалма негиздер менен камакка алуу жоопсуз калбайт. Эгер зарыл болсо Тегеран тиешелүү жоопту берет, - деди Мухаммад Багери.

Гибралтар өкмөтүнүн маалыматына караганда, Британиянын Аскер-деңиз күчтөрү 4-июлда Панаманын туусу менен бараткан «Грейс-1» танкерин камакка алган. Ага кеме Евробиримдиктин санкцияларын бузуп Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек негиз болгон.

Иран дооматтарды четке кагып, өз кемесин тезинен өткөрүп берүүнү талап кылып жатат. 5-июлда Революция сакчыларынын куралдуу күчтөрүнүн командири жооп катары британ кемесин «камакка аларын айтып коркуткан».

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф кемени токтотуп, камакка алууну «каракчылык» деп атап, «бул кооптуу прецедент жана ал дароо токтотулушу керек» деди.

Гибралтардын Жогорку Соту кемени 14 күнгө чейин камакта кармоого уруксат берди.

XS
SM
MD
LG