Бишкекте «Мигрант ишкер» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн окутуу тематикалык көргөзмө менен жыйынтыкталды.
Чет өлкөдө эмгек мигранты болуп жүрүп, кайра Кыргызстанга кайткан мекендештерди ишкердикке үйрөтүү максатын көздөгөн долбоор Германия өкмөтүнүн колдоосу менен жүзөгө ашты.
«Ишкер» деп аталган курстун негиздөөчүсү Данияр Эмилов «Азаттыкка» буларды айтып берди:
- Алардын баары бир кезде жумушсуздуктун айынан же жашоо шарты начар болгондуктан тышка мигрант болуп кетишкен. Мекенине кайтканда кайра эле ошол маселелерге туш болуп жатышат. Биз жөн гана түрткү болуп, идеяларын колдодук. Алар чыдамкайлыгы, эмгекчилдиги менен бизди таң калтырышты.
Акысыз курска 40 адам катышты, көбү Орусиядан кайткандар. Алар бизнести баштоо, Кыргызстандын шартына ыңгайлашуу багытында окуудан өтүштү.
Көргөзмөгө жыгач уста, көркөм сүрөт мугалими, соодагер, кол өнөрчү жана башка багытта иш баштагандардын эмгектери коюлду.
Ушул тапта долбоордун кийинки бөлүгүнө каалоочуларды кабыл алуу жүрүп жатат.
Кыргызстандын миллионго жакын жараны чет мамлекеттерде иштейт. Алардын көбү Орусияда. (AiA)