«Талибан» кыймылы менен ооган коомунун аттуу-баштуу өкүлдөрү өлкөнүн келечегин саясий багытта жөнгө салуу боюнча «жол картасын» түзүү тууралуу макулдашты. Бул Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотууга багытталган маанилүү кадам катары каралууда.
7-8-июлда Катардын баш калаасы Дохада Ооганстандагы жарандык согушту токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өттү.
Ага «Талибан» кыймылынын 17 өкүлү, ошондой эле оппозициялык саясатчылар, аялдар жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү келген жок.
8-июлдун кечинде таратылган биргелешкен билдирүүдө талибдер жана коомдук ишмерлер карапайым элдин арасында курмандыктарды азайтууну, аялдардын саясий, социалдык, экономикалык, билим берүү жана маданият багытындагы иштердеги негизги укуктарын камсыз кылууну макулдашты.
Документ аткарууга милдеттүү күчкө ээ эмес, бирок ошол эле кезде ал «Талибан» кыймылы менен ооган өкмөтүнүн ортосундагы согушту токтотуу боюнча болочок сүйлөшүүлөргө негиз боло алат деп саналууда.