Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:24

Казакстан: 6-июлдагы митингде 100дөй адам кармалган


6-июлда Нур-Султан жана Алматы шаарларында бийликке каршы нааразылык акциялары өткөн.
6-июлда Нур-Султан жана Алматы шаарларында бийликке каршы нааразылык акциялары өткөн.

6-июлда Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы бийликке каршы нааразылык акциялары учурунда полиция 100дөн ашык адамды кармаган. Бул тууралуу Нур-Султан шаарындагы өкмөт жыйынынан кийин ички иштер министри Ерлан Тургумбаев айтты. Анын айтымында, 19 адам административдик чара менен камакка алынып, 23 кишиге айыппул салынган.

Ал эми укук коргоочулар менен активисттер 6-июлда полиция кармап кеткен адамдардын саны 600дөн ашат деп божомолдошот.

6-июлда Казакстанда Астана күнү (Баш калаа күнү) белгиленген. Баш калаа күнү менен биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү бир күндө белгиленет. «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жетекчиси, бозгундагы банкир Мухтар Аблязов бул күнү жарандарды нааразылык акцияларына чыгууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG