Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков бүгүн, 9-июлда Тайланддын Чонбури шаарында башталган күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалында таймашат.
«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Талантбеков грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Алгач чейрек финалда Өзбекстандын Дилшод Омонгелдиевди 5:4, жарым финалда кытайлык Бахенити Жианг Келанды 6:0 эсебинде жеңип алды.
Алдыда алтын байге үчүн ирандык Мохамед Азиз Нагхоси менен күч сынашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Күрөштүн ушул эле түрүнөн кыргызстандык балбандар Нурсултан Махмудов (63 кг) жана Азат Салидинов (87 кг) да коло байге үчүн таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алды.
Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 14-июлга чейин уланат. Бул аралыкка чейин балбандар грек-рим күрөшүнөн сырткары эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн күч сынашат. (GT)