Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Түркия Гүлен менен байланышы бар деген шек менен 176 аскерди камакка алды


2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен бери 77 миң киши камакка алынып, 150 миңдей адам жумуштан бошотулган.
2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен бери 77 миң киши камакка алынып, 150 миңдей адам жумуштан бошотулган.

Анкара камакка алуу тууралуу буйрук чыккан 176 аскер кызматкерди 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыптап жатат.

9-июлда Стамбулдун башкы прокуратурасы камакка алынгандардын арасында бир полковник, эки подполковник, беш майор, жети капитан жана 100дөй лейтенант бар экенин кабарлады.

Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү Кошмо Штаттарда акыркы 20 жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашап келе жаткан Фетхуллах Гүленди 2016-жылкы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет.

Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан. Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТӨ деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган башкаларды да аны «террористтик уюм» деп таанууга чакырган.

2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен берки бийликтин «тазалоо» аракеттеринин натыйжасында 77 миң киши камакка алынып, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер жана аскер адамы иштен бошотулган.

Батыш өлкөлөрү жана Түркиядагы укук коргоочу уюмдар бийликтин аракеттерин сындап, «Эрдоган төңкөрүш аракетин шылтоо кылып, оппозициячыл көз караштагы саясатчыларды жана адамдарды куугунтуктап жатат» деп айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG