Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы айтылды


Сот залынан тартылган сүрөт. 9-июль, 2019-жыл.
Сот залынан тартылган сүрөт. 9-июль, 2019-жыл.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча өтүп жаткан сотто соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы тааныштырылды. Эксперт Ахунжановдун берген маалыматы боюнча, маркум Мамажакыповдун башына ок оң жагынан кирип, сол жагынан чачылып чыгып кеткен.

- Ок атылган кезде Мамажакыпов отурган же жаткан болушу ыктымал, анткени үстүнөн атылган. Баш сөөгү чачырап кеткен. Сөөк табылган жерден маркумдун баш сөөгүнүн жети сыныгы табылды. Мындан тышкары маркумга таандык кашка тиштын сыныгы да алынган.

9-июлдагы сотто төрт прокуратура кызматкери, эки айдоочу, Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын мурунку жетекчиси Султанбек Эрматов күбө катары көрсөтмө беришти.

Иш Ош шаардык сотунда каралып жатат.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. Калыков өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай келет. 1-июлдагы соттук отурумда Мелис Калыков тергөөдө берген көрсөтмөлөрү кыйноонун таасири менен алынганын айтып, прокурордун өлүмүнө тиешеси жоктугун айткан. (MdN)

XS
SM
MD
LG