Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Балбан Акылбек Талантбеков Азия чемпионатынан күмүш байге утту


Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалдык беттеши. Акылбек Талантбеков менен Мохамед Азиз Нагхоси. Чонбури шаары, Тайланд. 9-июль, 2019-жыл.
Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалдык беттеши. Акылбек Талантбеков менен Мохамед Азиз Нагхоси. Чонбури шаары, Тайланд. 9-июль, 2019-жыл.

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков бүгүн, 9-июлда Тайланддын Чонбури шаарында башталган күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Талантбеков грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Алтын байге үчүн таймашта Талантбеков ирандык Мохамед Азиз Нагхоси менен күч сынашты. Алгач, үч упайлык ыкма жасап Талантбеков алдыга чыккан. Кармаштын экинчи бөлүгүндө ирандык балбан көтөрүп чаап, 6 упай алганга жетишти. Жыйынтыгында 6:3 эсебинде Мохамед Азиз Нагхоси жаштар арасындагы Азия чемпиону атыгып, Акылбек Талантбеков күмүш медалдын ээси болду.

Буга чейин Талантбеков чейрек финалда Өзбекстандын Дилшод Омонгелдиевди 5:4, жарым финалда кытайлык Бахенити Жианг Келанды 6:0 эсебинде жеңген.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 14-июлга чейин уланат. Бул аралыкка чейин балбандар грек-рим күрөшүнөн сырткары эркин күрөштөн жана кыз-келиндер күрөшүнөн күч сынашат. (GT)

XS
SM
MD
LG