Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 9-июлда Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусу боюнча бул өлкөгө расмий сапар менен барды.
Жээнбеков өлкө башчысы менен жолугушуудан тышкары Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банктын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.
Экономика, финансы, туризм, аймактарды таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөдөгү документтерге кол коюлат.
Кыргыз президенти Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.