Орусиянын президенти Владимир Путин парламенттин Грузияга каршы санкция салуу боюнча сунушун колдобой турганын билдирди. Ал «бузукулардын чагымына жооп кылганча, чыңалган мамилени оңдоону маанилүү» деп эсептей турганын айтты.
Путин бул тууралуу парламент бир добуштан өкмөткө Грузияга каршы экономикалык санкцияларды киргизүүнү сунуш кылган резолюция кабыл алгандан кийин кеп кылды.
9-июлда Санкт-Петербургда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Путин «грузин элине сый-урматынан улам Грузияга санкция салуудан оолак» болорун айтты.
Ошондой эле орус президенти аны оозго алгыс сөздөр менен сөккөн грузин журналисти боюнча пикирин айтып жатып, «айрым бузукулардын чагымын» олуттуу кабыл алуу туура эмес болорун белгиледи.
Грузияда оппозициялык «Рустави-2» телеканалынын алып баруучусу Георгий Габуния Орусия президентин оозго алгыс, ыплас сөздөр менен сөккөн. Журналисттин жоругун грузин бийлиги жана Орусия айыптаган. «Рустави-2» телеканалынын жетекчилиги Георгий Габунияны эки айга жумуштан четтетти.
Журналисттин сөгүнгөн окуясы Владимир Путиндин Орусия менен Грузиянын ортосундагы аба каттамын 8-июлдан тарта токтоткон жарлыгы күчүнө кирердин алдында болду.
20-июнда Тбилисиде орусиялык депутат Сергей Гавриловго байланышкан окуядан кийин массалык нааразылык тутанган. Грузин баш калаасында нааразылык акциялары ошондон бери уланууда.
Өткөн айда эл аралык жыйынга келген Мамлекеттик Думанын депутаты грузин парламентинин төрагасы отурган жерге отуруп алып, оппозиция менен жарандык коом өкүлдөрүнүн нааразылыгын жараткан. Ошол күнү кечинде парламент имаратынын жанында болгон митингди полиция желим октор менен таркаткан, бир нече киши кармалган.
Орус бийлиги нааразылык акцияларын Орусияны жек көрүү маанайына сугарылган экстремисттик элементтер уюштурганын билдирген.
Тбилисинин бөлүнүп кеткен эки аймагын кайтарып алуу, НАТОго кирүү аракети 2008-жылы Орусия менен Грузиянын ортосундагы беш күндүк согушка алып келген.