Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө 9-июлда сел жүрдү. Мундуз жана Жаңгак айылдарында 20дан ашык үй сел каптоо коркунучуна кептелгенин жергиликтүү жашоочулар билдиришти.
Маалыматка караганда, Бозбу тоосу тараптан келген сел ички жолдорду жууп кетти. Катуу жүргөн сел жергиликтүү тургундун машинесин да агызып кеткени кабарланды.
Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеринде иштеп жатат.